Орусиянын “Сахарово” миграциялык борборунда ушул күндөрү Кыргызстандын 160 жараны кармалып турат. Анын ичинен 11и аялдар. Бул тууралуу Кыргызстандын акыйкатчысынын орун басары Айчүрөк Назаралиева Москва шаарына болгон иш сапарынын алкагында “Сахарово” борборуна барган учурда белгилүү болду.
Борбордо Орусиянын миграциялык мыйзамдарын бузгандардан сырткары 11 кыргыз жараны оор эмес кылмышка шек саналып кармалган. Үч аял пара берүүгө айыпталып 76 күндөн бери борбордо отурганы белгилүү болду. Кыргызстандыктар медициналык жардамга муктаж экенин айтып, кармоо шарттарына жана тамак-ашка даттанышкан эмес.
2024-жылдын 9 айында “Сахарово” борбору аркылуу 3 928, 2025-жылдын 9 айында 2 808 кыргыз жараны өлкөгө жөнөтүлгөн.
“Сахарово” борбору – Москванын четиндеги мигранттарды убактылуу кармоочу жабык мекеме. Орусиянын аймагынан мажбурлап чыгарууга туш болгон чет өлкөлүк жарандар мекенине кайтарылганга чейин ушул жайда кармалып турат. Аларга уюлдук телефонго видео тартууга, сүйлөшүүгө уруксат берилбейт жана ар төрт күндө кнопкалуу телефон аркылуу сүйлөшүүгө уруксат берилет.
Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев Орусияда 377 миң кыргыз жараны миграциялык каттоого алынганын, жалпысынан бул өлкөдө Кыргызстандын 612 миң жараны бар экенин айткан. (BTo)