Милициянын маалыматына караганда, бул эки каргашалуу окуяга себепкер делген оор жүк ташуучу унаалардын биринин айдоочусу да каза болду, экинчисиники убактылуу кармоо жайында камакта отурат. Айрымдар Алай аркылуу өткөн Ош–Эркечтам жолу эл аралык мааниде болгондуктан оор жүк тарткан унаалар Кытайдан коңшу өлкөлөргө чейин каттап, кыймыл көп болуп жатканына, жол тар экенине көңүл бурууда. Транспорт жана коммуникация министрлиги мындан бир топ жыл мурун салынган жолдор машиналардын азыркы санына жана көлөмүнө ылайык келбегендиктен аларды кеңейтүү аракети көрүлүп жатканын билдирди.
Өткөн апта соңунда Ош–Эркечтам унаа жолундагы кырсыктан он кишинин өмүрү кыйылды.
30-октябрда катталган кырсыктан чоң машине менен кагылышкан жеңил унаадагы беш кишинин баары мүрт кеткен. Алардын улуусу 56да, кичүүсү 37 жашта болгон.
1-ноябрда ошол эле автожолдо дагы оор жүк тарткан унаа катышкан кырсык болуп, 33 жаштагы беш классташ бала каза тапты.
Маркумдардын досу Нурдөөлөт Турганбаевдин айтымында, алар классташ досунун 30-октябрдагы жол кырсыгында каза болгон эжесинин тажиясына келишкен:
"Ошол күнү биздин балдар эки машина менен жолго чыгышкан. Беш досубуз бир машинада, бир досубуз үй-бүлөсү менен артынан кеткен. Артынан кеткен досубуз жолдо кырсык болгонун көрүп, бизге кабар берди. Биз барганыбызда досторубуздун экөө машинанын ичинде экен, айдаган менен алдыда отурган үч бала машинадан ыргып чыгып кетиптир".
Удаа катталган жол кырсыктарынан кийин Алай районунда эл түлөө өткөрдү.
Маектешибиз Ош–Эркечтам унаа жолунда Кытайдан жүк ташыган машиналардын кыймылы көп болгондуктан жол коопсуздугуна өзгөчө көңүл буруу зарыл болуп жатканы тууралуу маселе буга чейин да көтөрүлгөнүн айтып берди:
Дагы караңыз Бир күн мурда жол кырсыгынан беш өмүр кыйылган Алайда дагы беш киши жолдо каза тапты"Ош–Бишкек жолуна салыштырмалуу Ош–Эркечтам жолу, Алай эли өтө кыйын абалда калды. Бир күндө 1000ден ашык фура каттайт. Анын ичинде Кытай, Өзбекстан, Тажикстан, Кыргызстан номурлуу унаалар бар. Алайдан жолго чыкканыбызда Ошко 45 мүнөттө жетет элек. Азыр эки саатта араң барып жатабыз. Оор жүк ташыган айдоочулар аралыкты сактабай айдап жатат. Бир фуранын узундугу 24 метр болсо, үчөө катар ээрчишип алган учурда өтүү абдан кыйын. Анан алар жеңил машиналар четке чыгып токтойт деп, каршы тилкеге чыгып кеткени аябай көп болууда".
30-октябрдагы кырсыкта оор жүк ташыган унаанын айдоочусу дагы каза тапкан. 1-ноябрдагы каргашалуу окуяга кабылган оор жүк тарткан унаанын 24 жаштагы айдоочусу милициянын убактылуу кармоо жайына киргизилгенин "Азаттыкка" Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалымат катчысы Замир Бакыев билдирди:
"Ошол жерде кароо жүргүзгөндө унааны башкара албай, каршы тилкеге чыгып, жүргүнчүлөр бара жаткан унааны сүзүп кеткени аныкталды. Оор жүк ташыган унааны башкарып бара жаткан адам 24 жаштагы Өзгөн районунун тургуну экен. Тажрыйбанын жоктугунан улам ушундай жагдай болушу мүмкүн".
Ош облусунун өзүндө эле быйылкы жылдын сегиз айынын жыйынтыгы боюнча 600дөн ашык жол кырсыгы катталып, 87 адам көз жумду.
Оор жүк ташыган айдоочулар
Ушу тапта коомчулукта оор жүк ташуучу унааны башкарууда айдоочулук тажрыйбасы жетиштүү жарандар айдаса деген талаптар айтылып жатат.
Жол коопсуздугун камсыздоо тармагында эмгектенген, азыр ардактуу эс алуудагы Абакыр Кулбаев оор жүк ташуучу унааларды бүгүнкү күндө тажрыйбасы жоктор айдаган учурлар көп экенине көңүл бурууда:
"Мыйзамдарды кабыл алып, эрежелерди өзгөртсө болот. Жашы жыйырма бештен жогору, беш жылдан ашык ар кандай унааларды башкарган тажрыйбасы бар жарандарга гана уруксат берилиши керек. Азыр айдоочулук күбөлүктү алып, категорияны басып туруп эле айдап кетип жатышат. Менимче, бул туура эмес".Ондон ашуун адамдын өмүрү кыйылып кеткен соңку жол кырсыктарынан кийин эл аралык жолдордогу стандарттарды да кароо маселеси көтөрүлө баштады.
Транспорт жана коммуникация министрлиги да мындан бир топ жыл мурда салынган жолдор азыркы учурдагы унаалардын санына жана алардын көлөмүнө ылайык келбей турганын белгилөөдө. Ошол жагдайларды эске алуу менен эл аралык жолдорду кеңейтүү маселеси талкууланып жатканын "Азаттыкка" Ош облустук жол чарба департаментинин кызматкери Абдыганы Турдукулов айтып берди:
Дагы караңыз “Дагы канча адамдын өмүрүн алат?” Бишкектеги жол коопсуздугу"Бул жолдор салынган учурда мынчалык көп жана узун техника болгон эмес. Азыр эми жанагы чоң фуралар жолду тосуп алышат. Катуу ылдамдыкта жүргөндө бири-бирине тоскоолдук жаратпай тургандай болуш керек. Азыр ушул маселелер каралып жатат. Ош–Бишкек жолу да бар. Ал эми Ош–Эркечтам жолу жылдын этегинде "капиталдык салымдар" беренеси менен кирди эле, быйыл болбоду. Биз эми жолду кеңейтүү маселесин көтөрөлү деп турабыз. Жолдорду кеңейтпесек болбой калды. Чындыгында көп коркунуч жаратып жатат".
Кыргызстандагы эл аралык маанидеги унаа жолдорунун баары айыл аймактарды аралап өтөт. Ошондуктан оор жүк ташыган машиналар мектеп окуучуларын, айыл тургундарын, мал жандыкты коюп кеткен учурлар бар. Жолго видео байкоо орнотулуп, айыппул салынып, көзөмөл күчөгөнүнө карабастан кырсыктар азайбай жатат.
Милициянын белгилешинче, буга айдоочулардын катуу ылдамдыкта жүргөнү жана жол эрежелерди сактабаганы себеп болууда.
Быйыл өлкөдө 9 айда 6 миңден ашык жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 636 адам каза болду, 9 миңден ашык адам ар кандай жараат алды.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ) былтыркыга салыштырганда жол кырсыгынын саны өсүп жатканын, 90% учурда айдоочулар күнөөлүү деп табылганын билдирүүдө.
Байказы Айтикул уулу
"Тагыраагы, айдоочулар жол кыймыл эрежелерин толук билбегендиктен, кайдыгерликтен болгон жол кырсыктары. Катуу ылдамдыкта, каршы тилкеге чыгып, мас абалында унаа каражаттарын айдап, жашы жете электер катышкан, тилекке каршы, жол кырсыктары катталып жатат", - дейт ИИМдин ЖКККББнын маалымат кызматынын жетекчиси Байказы Айтикул уулу.
Байгазы Айтикул уулу жол коопсуздугун камсыздоо үчүн комплекстүү чаралар көрүлүп жатканын, такси айдагандар лицензия алууга милдеттендирилгенин билдирди. Ар жуманын соңунда рейд уюштурулуп, мас абалда машине айдагандар, автожарышка чыккандар, жасалма номур менен жүргөндөр, айдоочулук күбөлүгү жок автоунаага отургандар аныкталып жатканын, коопсуздук курун тагынбаган айдоочулар менен жүргүнчүлөр 1-октябрдан тартып жоопкерчиликке тартыла баштаганын белгиледи:
"Одоно жол эрежелерин бузган айдоочуларды жеринде токтотуп, аларды сурамжылоо иштерин жүргүзүп, эгерде жолдо жүрүү эрежелерин толук билбесе, алардын айдоочулук күбөлүгүн алып коюу менен кайрадан экзаменге, сынакка жөнөтүү нормасы дагы мына жакынкы убактарда күчүнө кирет".
Расмий маалымат боюнча, быйыл тогуз ай аралыгында 898миң 335 жол эрежелерин бузган айдоочу аныкталган.
Алардын ичинен мас абалында машине айдаган 12 миң, ылдамдыкты ашырып айдаганы 135 миң, терезелерин мыйзамсыз караңгылатып алгандар 6 миң, тийиштүү документтери жок авунаага отургандар 11 миң айдоочу. Мындан тышкары автоээнбаштык жасаган 1 миңден ашуун айдоочу, коопсуздук курун тагынбаган 112 миң айдоочу аныкталган. Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 123 миң 303 авто унаа убактылуу айып короо жайына токтотулган.
Жол коопсуздугу: Жетекчи иштен алынды
4-ноябрда Ички иштер министрлигинде (ИИМ) ички иштер органдарынын жетекчилери үчүн коллегиялык отурум болуп өткөнүн, анда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) башчысы кызмат ордунан бошотулуп, бир катар милиция жетекчилери ротацияланганын министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
"Жыйында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо багытында иш-чаралар начар жүргүзүлгөндүктөн бардык аймактарда жол кырсыктары кескин көбөйүп кеткенине байланыштуу коллегиянын чечими менен ЖКККББ башчысы Жеңишбек Жоробеков кызмат ордунан бошотулду. ИИМдин Ички иликтөө кызматынын башчысы Алмаз Осмонбеков кызматынан бошотулуп, ИИМдин Ички аудит кызматынын башчысы болуп дайындалды. Министрдин кеңешчиси Улан Бийбосунов кызмат ордунан бошотулуп, ИИМдин Ички иликтөө кызматынын башчысы болуп дайындалды.