Ак-Ордодогу эки адамдын өлүмүнө шектүү эмнеге жок кылынды?

Ички иштер министрлиги Ак-Ордогу эки адамдын өлүмүнө шектүү жаран качууга аракет кылып, жок кылынганын кабарлады.

19 жаштагы шектүү Кемин районунда кылмышты жасоо жагдайларын көрсөтүү маалында качып кеткени айтылууда. Ички иштер министрлиги бул факты боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатканын, териштирүүнүн жыйынтыгы менен маалымат берилерин кошумчалады. Президенттин көзөмөлүндөгү бул иштин айланасындагы соңку окуя коомчулукта күмөн саноого жем таштады.

Качуу маалында жок кылынды делген 19 жаштагы шектүүнүн сүрөтү социалдык түйүндөрдө тарады. Анда анын сырткы кийими канга боёлуп, колу кишенделген бойдон сулап жатканын, сүрөт күн чыга электе тартылганын көрүүгө болот.

“Бүгүн, 14-октябрда Чүй облусунун Кемин районунда кылмышты жасоо шарттарын жана жагдайын кайра кайталап көрсөтүп берүү процессин жүргүзүү учурунда, шектүү качып кеткен. Милиция кызматкерлери шектүүнү кармоо учурунда, Кыргыз Республикасынын "Укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Мыйзамынын 45-46-беренелерине ылайык, кызматтык куралды колдонушкан”, - деп билдирди Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы.

Милиция шектүү алган жаратынын айынан каза болгонун, бул факты боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатканын, териштирүүнүн жыйынтыгы менен кошумча маалымат берилерин айтты.

Кечке жуук ИИМдин басма сөз кызматы шектүүнүн кылмышка чейинки баскан-турганына чейин баяндаган видео таратты.

Түн ортосунда Ак-Ордодогу үйгө кирип, бейкапар уктап жаткан кишиге бычак шилтеп, кийин анын эжесин өлтүрүүгө шектүү 19 жаштагы жаран 7-октябрда колго түшүрүлгөн. Ал окуя болгон жерде көрсөтмө берип жаткан видеосун ИИМ жарыялап, маркумдун жубайы кол салган баланы тааныганын дагы көрсөтүшкөн.

Мурдагы ички иштер министри Өмүрбек Суваналиев эки адамдын өлүмүнө шек саналган адамды узак жолго чыгарып, түнкүсүн ташуу одоно эреже бузуу экенин айтты.

"Тергөө эксперименти бүткөндөн кийин шектүү адамды кечкисин Тергөө абагына калтырып, күндүз конвой менен алып барышы керек болчу. Экинчиден, жанагындай оор кылмыш кылгандарды дааратканага күндүз эле жиберишет. Түндө алып чыкканга болбойт, анткени спецконвой деп коет. Керек болсо Тергөө абагында жаткандар менен түрмөдө оор кылмыш кылгандарды сегизден кийин суракка албайт, адвокаттарына жолуктурбайт".

Дагы караңыз Ак-Ордодогу өлүм: шектүүнүн соту, бийликтин кайрылуусу

Милициянын отставкадагы полковниги Александр Зеличенко шектүүнү түндөп тергөөгө алып чыккан кызматкерлер текшерилиши керек деп эсептейт:

"Баары анык болуп турган күндө да аны ким алып чыкканын караш керек. Балким ал баланы сыртка алып чыккандар арасында тааныш-билиштери болгон. Алар менен сүйлөшүп алып, кийин менин күнөөлүү экенимди далилдеш оор болот, акча үчүн жардам берем деши мүмкүн. Баары мүмкүн. Муну эми өтө терең казып, тергеш керек".

Айрым маалымат каражаттары булактарга таянып, шектүү түнкү саат 3төр чамасында Боом капчыгайында дааратканага барам деген шылтоо менен качканда жок кылынганын жазып чыгышты.

Укук коргоочу Нурбек Токтакунов Ак-Ордодогу кылмыш боюнча түшүнүксүз, жоопсуз калган жагдайлар тактала электе, шектүүнүн өлүмү күдүк санатканын айтты:

"Менде дагы көп суроолор пайда болду. Биринчиден, эмне үчүн ушул тергөө иштерин түндө өткөрөт? Түнкү үч жарымда деп атабы? Анан кайсы тергөө аракеттерди өткөрүп жатышат? Окуяны тактаган тергөө аракеттери өткөн. Шектүү таанылган. Кылмышка байланыштуу күмөндүү суроолор кайра эле пайда болууда. Буюртма бергендер ким? Акча тууралуу маалыматты кайдан алды? Менимче, бул бала жалгыз эмес. Милиция анын артында тургандарды жашырып жатышы мүмкүн".

Дагы караңыз Ак-Ордодогу өлүм: шектүүнүн кармалышы, күмөн санаган эл

Бирок Александр Зеличенко айрым учурларда шектүүлөр түрмөдөн чыгуу амалын издеп, айрым учурларда ойдон чыгарылган окуяны айтып, аны жеринен көрсөтүп берем деген шылтоо менен сыртка чыгып, качканга аракет кылышат дейт.

"Көбүнесе ушундай жол менен качат. Атайын ыкчам тергөө тобун кылмыш болгон жерге алып чыгып, сыртта жүргөн шериктерине бул жерге машина менен келгиле, ошол жакка качып барам деп айттырып коюшат. Качса качтым, кача албасам өлдүм дешет. Бир кылмышкер болсо, жанында үч-төрт милиция кызматкери кайтарып жүрүшү керек. Тергөөчү, ишти алып барган ыкчам кызматкер жана бардык ишти каттаган эксперт-криминалист милдеттүү түрдө болушу керек. Эгер шектүү өтө кооптуу болсо, атайын үйрөтүлгөн итти дагы жетелеп алышат".

Буга чейин Ички иштер министрлиги Ак-Ордо-3 конушундагы кылмыш ишинин айрым жагдайларын ачыктап, 34 жаштагы эркек кишиге 18, анын 38 жаштагы эжесине 11 жолу бычак сайылганы аныкталганын билдирген. Милиция 8-октябрда жарыялаган видеодо шектүү аталган конушка маршруттук каттам менен барганын, бычакты Орто-Сай базарынан сатып алганын, ал үйгө акча үчүн киргенин айтып, эки кишини бычактап өлтүргөнүн моюнуна алган.

Бул окуя боюнча президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков шектүүнүн атасы Майрамбек Садыков “Дөө Чыңгыз” деген каймана ат менен таанымал Чыңгыз Жумагуловдун уюшкан кылмыш тобунун мүчөсү катары каттоодо турганын, кримтөбөл каза болгондо акыркы сапарга узатуу зыйнатына да катышканын жазган.

Дагы караңыз Ак-Ордо конушундагы өлүм: бир туугандарды ким бычактады?

Укук коргоочу Нурбек Токтакунов шектүү жок кылынгандан кийин күмөндүү суроолорго жооп табылбай калышы мүмкүн дейт. Ал 19 жаштагы баланын жок кылынышы боюнча өзүнчө кылмыш иши козголушу керек деп эсептейт.

"Биринчи эки адамды шектүү кол салганы такталса, анда анын каза болгонуна байланыштуу иш кыскарат. Эгер такталбаса, иш ачылбаган бойдон калат. Кылмышкерди өлтүрсө дагы кылмыш иши козголуп, тергелиши керек. Бардык маалыматтарды таразалап, андан кийин бир жыйынтыкка келгени оң. Аны прокуратура же башка укук коргоо органы тергеш керек. Анан ошонун жыйынтыгынан көрөбүз".

Бишкектин Биринчи май райондук соту 19 жаштагы шектүүнү 9-октябрда 3-декабрга чейин камакка алган. Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев бычакталып өлтүрүлгөн маркум бизнес менен алектенгенин, машинесинен ири суммадагы акча табылганын журналисттерге билдирген. Айрым коңшулары дагы маркум чет мамлекетке барып-келип иштеп жүргөнүн, автоунаа сатуу менен алектенгенин айтышкан.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын маалыматында быйыл сегиз айда 3 439 кылмыш катталган, бул 2024-жылдын ушул айына салыштырмалуу 9,9% көп. Өткөн жылдын январь жана август айларында 100 адам өлтүрүү кылмышы катталса, 2025-жылы 107ге жеткен.

Ак-Ордо-3 конушунда болгон окуянын алдында эле 27-сентябрда Ысык-Көл облусунда 17 жаштагы окуучу кыз курбусунун үйүнө барам деп чыгып кетип, дайынсыз жоголгон. Эки күндөн кийин сөөгү Боом капчыгайынан табылып, анын өлүмүнө шек саналып 41 жаштагы киши кармалган.