УТРК: Тиллебаев кызматтан алынып, ордуна Сатиев келди

Болотбек Тиллебаев жана Уланбек Сатиев.

Болотбек Тиллебаев Улуттук телерадио корпорациясынын (УТРК) директору кызматынын бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Президент башка тескемеси менен Уланбек Сатиевди УТРКнын директору кылып дайындады. Ал буга чейин каналдын директорунун орун басары болуп иштеп келаткан.

Болотбек Тиллебаев 2023-жылы март айында УТРКнын башчысы болгон. Акыркы күндөрү телекомпаниянын кызматкерлерине Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) берген батирлерди бөлүштүрүү иши боюнча ага сын-дооматтар айтылган.

2022-жылы КТРКнын макамы өзгөртүлүп, Улуттук телерадио корпорация (УТРК) болгон. Ага чейин 15 адамдан турган Байкоочу кеңеш каналдын директорун добуш берүү жолу менен төрт жылга шайлап келген болсо, макамы өзгөргөндөн кийин УТРКнын башкы директорун дайындоо жана иштен алуу укугу президентке берилген. (BTo)

Дагы караңыз

БУУ: Түрк Кыргызстанды өлүм жазасын кайтаруу аракетин токтотууга чакырды Казакстан коомдук жайларга жүздү таануу системасын киргизүүнү пландап жататКыргызстанда күйүүчү майдын бир айга жетпеген запасы калдыКаракол шаарындагы келиндин өлүмү иликтенип жататКамчыбек Ташиев Чүйдөгү Долпран кени боюнча текшерүү болорун айттыПрезидент Жапаров Элдик курултай өтчү күндү өзгөрттүБоливияда жаңы президент шайланды