Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:46

БУУ: МИГРАНТ АЯЛДАРДЫН УКУГУН КОРГООЧУ МЕЗГИЛ ЖЕТТИ


Миллиондогон аялдар бөтөн элде мээрман эже же бала бакчу нянка болуп иштешет. Бир да эркек жасабаган жумуштарды аткарышып, жыл сайын үй-бүлөсүнө миллиондогон доллар жөнөтүшөт. Ошентип, аялдар жашоо жолоюн сапаттуу кармгоо жардамдашат. Аны өнүккөн өлкөлөрдө кадыресе көрүнүш катары кабыл алышат. Улуттар Уюмунун элди жайгаштыруу кору- ЮНФПА жаңы жарыялаган докладында, алдагыдай жалчы- аялдардын салымын таанып, алардын шартын жакшыртууга мезгил келгени белгиленет.

Филиппиндик Каролин Дилан 15 жыл мурда Америкага келгенде, үйдө жалчы болуп иштеген аял таң азандан кеч куптанга чейин тыным албайт деп ойлобогон. Ал күнүнө кеминде 15 сааттан иштеп, ашыкча иштегени үчүн эч кандай кошумча акы алган эмес. Дилан айым үй кызматчы аялдын түйшүгүн мындайча мүнөздөйт:

-Үйдү жана идиш-аякты жууп-тазалоо, азык-түлүк сатып келүү, тамак бышыруу, кир жууп-үтүктөө, балдар мектептен келгенде аларга сабакты даярдаганга жардамдашуу, спорттук машыгууга өз маалында жөнөтүү-мунун баары кызматчы аялдын мойнунда. Эгерде үйдө 2-3 бала болсо, күн кандай өткөнүн сезбей каласын. Ошондой эле кечинде тамак бышырып, ата-энеси жумуштан келгенден мурда балдарды жуунтуп-киринтип, төшөккө жаткырып коюшуң керек.

Каролин Дилан бир нече жыл илгери үй кызматын калтыргандан бери АКШдагы мигранттардын укугун коргойт.

Кызматчы аялдарга үй ээлери кул абалы мамиле кылган учурлар да кездешет.
Улуттар Уюмунун докладында, Дилан сыяктуу аялдар “кубаттуу, мамыр аккан дарыя” деп сыпатталат.

2005-жылы аял мигранттардын саны 95 миллиондон ашкан. Бул Азия менен Африканы албаганда, башка континенттерден чыккан эркек мигранттардан көп жана улам өсүүдө.

ЮНФПАнын аткаруучу директору Турая Ахмед Убайд айымдын айтышынча:

–Аял мигранттар учурда дүйнөдөгү мигранттардын жарымына жеткени калды жана улам көбөйүп баратат. Коомго чоң салым кошуп жатышкан бул аялдар көбүн эсе ырасмий эмес тармакта иштешкендиктен, алардын укуктары алиге тааныла элек.

БУУнун эсеби боюнча, мигрант- аялдар өткөн жылы өз бүлөлөрүнө 230 миллиард доллар которушкан жана аялдар эркектерге караганда тапкан акчасынын көбүн үйүнө жөнөтүшөт.

Чет өлкөлөрдө үй кызматчы болуп иштеген аялдардын укугун таануу маселеси БУУнун Башкы ассамблеясынын 14-15 –сентябрда болчу жыйынында талкууланмакчы. Убайд айымдын пикиринде, аял-мигранттарга адилет мамиле болуусу үчүн улуттук өкмөттөр чогуу иштешүү зарыл:

– Дүйнө лидерлери аялдар үчүн маанилүү: бала төрөө, эмделип-дарылануу мүмкүнчүлүгү жана аларды аткезчилик жол менен ташууга мыйзамый бөгөт койуу, непада аткезчилер колуна түшүшсө, аткезчилерди кылмыш жообуна тартуу сыяктуу маселелерди талкуулашын каалайт элек. Ошон үчүн, өкмөт башчылардан аялдар маселесин эркектерге кошуп, же жалпысынан карабастан, нукура аялдарга таандык саясый проблемаларды талкуулагыла деп сурамакчыбыз.

XS
SM
MD
LG