Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Сентябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:15

Сербияда түмөндөгөн киши бийликке каршы жүрүшкө чыкты


Белград, 1-сентябрь, 2025-жыл.
Белград, 1-сентябрь, 2025-жыл.

Сербиянын башкалаасы Белградда, Нови-Садда жана башка шаарларда 1-сентябрда өкмөткө каршы акциялардын алкагында темир жол бекетиндеги кырсыктан каза тапкандарды эскерген жүрүш болду.

Бул тууралуу "Азаттыктын" балкан кызматы жазды.

Мектептердеги жогорку класстын окуучулары да катышып, биринчи катарларда турган жүрүшкө он миңдеген киши чыкты.

Демонстрантттар "Политика" гезитинин, "Белград радиосунун" имаратына келип, "эркин ЖМК өлдү" деп кыйкырып турду.

Конституциялык соттун алдында да нааразылык билдиришти, "сот системасы Сербиядагы бийликтин көз карандысыз бутагы" деген сөз мектептер колдонгон окуу китептеринде гана калды деген сын айтылды.

Март айынан бери бийликти жактагандардын чатырлары турган президент Александр Вучичтин администрациясынын имаратынын алдында айрым демонстранттар полицияга жана чатырларга таш ыргытышты. Андан жабыркагандар болгон жок.

Студенттик уюмдар башында турган серб оппозициясы 10 айдан бери нааразылык акцияларын өткөрүп келет. Акциялар 2024-жылы 1-ноябрда Нови-Сад темир жол бекетинде бетон чатыр урап, 16 адамдын өмүрүн алгандан кийин башталган.

Демонстранттар күнөөлүүлөрдү жазалоону, коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүнү жана мөөнөтүнөн мурда шайлоо жарыялоону талап кылып жатат.

Шерине

XS
SM
MD
LG