Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Сентябрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:10

Италиялык дизайнер Армани 91 жашында дүйнө салды


Италиялык дизайнер Жоржио Армани.
Италиялык дизайнер Жоржио Армани.

Италиялык мода дүйнөсүнүн символуна айланган дизайнер жана ишкер Жоржо Армани 91 жашында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу бейшемби күнү ал негиздеген Armani Group компаниясы билдирди.

"Чексиз кайгыруу менен Armani Group өзүнүн негиздөөчүсү Жоржио Арманинин көз жумганын билдирет", — деп жазылган мода үйүнүн билдирүүсүндө.

Reuters агенттиги белгилегендей, Армани келишимдүүлүктүн символу болуп келген. Ал дизайнерлик чеберчиликти бизнес менен айкалыштырып, жылдык соода жүгүртүүсү 2,3 миллиард еврого жеткен компанияны жеке өзү жетектеп турган.

Армани Италиянын түндүгүндөгү Пьяченца шаарында төрөлүп, кийин Миланда жашаган. Ал дизайнерлик ишин кийим саткан дүкөндүн сатуучусу катары баштаган. Өзүнүн алгачкы коллекциясын 1974-жылы чыгарган. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG