АКШнын Украинаны колдоо форматы жана коопсуздук кепилдиктери жакынкы күндөрү такталат. Бул тууралуу Парижде өткөн "Каалоочулардын коалициясынын" жыйынынан кийин Франциянын президенти Эммануэль Макрон билдирди.
Саммит учурунда катышуучулар АКШ президенти Дональд Трамп менен да сүйлөшүү өткөрүштү.
"Бул сүйлөшүүнүн жыйынтыгында алдыдагы күндөрү АКШнын колдоосу жана коопсуздук кепилдиктери так аныктала турган болду. АКШ бул процесстин ар бир этабына катышты", — деди Макрон басма сөз жыйынында.
Ал ошондой эле эгерде Орусия тынчтык сүйлөшүүлөрүнөн баш тартууну улантса, Европа өнөктөштөрү менен макулдашылган жаңы санкциялар киргизилерин белгиледи.
Макрондун айтымында, Орусияга карата санкциялар жана дипломатиялык чаралар аркылуу басым жасоо Европа өлкөлөрүнүн стратегиясынын маанилүү бөлүгү бойдон калууда. Анын максаты Москваны сүйлөшүүлөргө кайтууга жана агрессивдүү аракеттерден баш тартууга мажбурлоо.
Өз кезегинде украин президенти Владимир Зеленский Макрон менен биргелешкен басма сөз жыйынында Киев жана анын союздаштары коопсуздук кепилдиктеринин жалпы түзүмүн түшүнүп калганын айтты. Ал ар бир өлкө өз салымын кошуу үчүн тиешелүү кызматташуу документтерин даярдап жатканын кошумчалады.
"Күчтүү украин армиясы мындай милдеттенмелердин кандай гана болбосун негизги элементи болуп калат", — деди Зеленский.
Маалыматка караганда, коопсуздук кепилдиктеринин пакети дипломатиялык, каржылык жана аскердик элементтерди камтып, Украинанын коргонуу жөндөмүн чыңдоого багытталат.
Украинанын коопсуздук кепилдиктерин талкуулай турган “каалоочулардын коалициясынын” саммити негизинен европалык лидерлерди бириктирет. Лидерлер бир нече айдан бери Орусия кайра кол салбашы үчүн Украинага көрсөткөн аскердик жардамдын көлөмүн талкуулап келишет.
Зеленский жана Европанын лидерлери Путин согушту токтотууга кызыкдар эмес экенин айтып келишет.
18-августта АКШ президенти Дональд Трамп Вашингтондо Зеленский жана европалык лидерлер менен жолугушууда “бир-эки жумадан кийин” Орусия менен Украинанын тынчтык келишимине жетишүү мүмкүнчүлүгү айкын болоорун айткан. Бир жума мурда болсо Трамп “эгер сентябрдын башында согушту токтотуу боюнча келишим түзүлбөсө, Орусия үчүн абдан олуттуу кесепеттер болушу мүмкүн” деп эскерткен. (AiA)
Шерине