Каракол шаарындагы келиндин өлүмү иликтенип жатат

Каракол шаары.

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы Каракол шаарында 44 жаштагы (А.Г.) аялдын өлүмү иликтенип жатканын билдирди. Облустук милициянын маалыматына ылайык, 19-октябрда Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнө шаардагы үйлөрдүн биринде аял киши каза болгону тууралуу маалымат түшкөн.

Тергөө-ыкчам тобу окуя болгон дарекке барып, ал жерде үч бөлмөлүү үйдүн уктоочу бөлмөсүндө төшөктө жаткан аялдын сөөгүн табышкан. Окуя болгон жерде жүргүзүлгөн сырткы кароо учурунда маркумдун денесинде кандайдыр бир күч колдонулган белгилер байкалган эмес.

Сөөк Каракол шаардык Патологоанатомиялык бөлүмүнө жеткирилип, өлүмдүн себептерин тактоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Ушул тапта тиешелүү экспертизалар жүргүзүлүүдө.

Тергөөдө маркумдун жарандык никедеги жолдошу, 43 жаштагы (К.Б.) адам көрсөтмө берип, 18-октябрда экөө Каракол шаарындагы батирге барып, ошол жерде түнөп калышканын билдирген. Экөөнүн ортосунда кызганычтан улам кайым айтышуу болуп, үйдөн чыгып кетип, жарым сааттан кийин кайра келгенин билдирген. Ошол учурда маркум дем алуусу кыйындаганын айтып, суу ичкен. Жолдошу эжесинин үйүнө кетип калганын айткан. Тергөө уланууда.

Өлкөдө быйыл сегиз айдын ичинде (январь-август) ички иштер органдарынын маалыматтарды каттоо электрондук журналына 14 277 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталды. Бул 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 35,1% же 3710 окуяга көп. (BTo)

Дагы караңыз

Кыргызстанда күйүүчү майдын бир айга жетпеген запасы калдыКамчыбек Ташиев Чүйдөгү Долпран кени боюнча текшерүү болорун айттыПрезидент Жапаров Элдик курултай өтчү күндү өзгөрттүБоливияда жаңы президент шайландыКазакстан коомдук жайларга жүздү таануу системасын киргизүүнү пландап жататТажикстан ишкердин жубайына кол салууга шектүүнү Орусияга өткөрүп бердиЕвропа кеңеши 2028-жылга чейин орусиялык газдан толук баш тартууну жактырды