Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:52

АКШНЫН МАМКАТЧЫСЫНЫН БЕЙРУТКА КЕЛИШИН ЛИВАН КААЛАБАЙТ


АКШнын Мамкатчысы Кондолиза Райс жекшемби күнгө Ливанга пландалган сапарын мажбур токтоткон соң, анын Жакынкы Чыгыштагы дипломаттык миссиясы туңгуюкка камалды сыяктанат. Райс мындай кадамга Ливандын премьер-министри Фауд Синиора менен сүйлөшкөндөн кийин барды. Синиора болсо Израил согушту токтотмоюн, Жакынкы Чыгыш кризисин жөндөө боюнча сүйлөшүү болбойт деп эскертти. Израилдин учактар жекшемби күнү таң эртең жасаган чабуулдан Ливандын түштүгүндөгү Кана кыштагына жакын жерде азы 56 адам набыт болгон. Авиачабуулду БУУ, Араб лигасы, Рим Папасы, Испания, Түркия, Кытай жана башка өлкөлөр айыпташты.

АКШнын Мамкатчысы Кондолиза Райстын Бейрутка пландалган сапарга барбай калуусуна Ливандын премьер-министри Фуад Синиоранын катаал позициясы себеп болду. Синиора Израил урушту токтотпогон шартта, Ливан чатагын жөндөө боюнча сүйлөшүү болбойт деп санайт:

- Бул каргашалуу таңда урушту тез жана шарты жок токтотуудан, ошондой эле Израиль бүгүн Ливанда жасаган кызыл кыргынды эл аралык изилдөөдөн башка эч кандай талкууга орун жок.

Премьер-министр Синиора ливандык 56 жарандын өмүрүн алган чабуулду “мамлекеттик терроризм” деп атады.

Райс айым жекшемби күнү Синиора менен телефон аркылуу сүйлөшкөндөн кийин, Иерусалимде калып, Израил жетекчилиги менен согушту токтотуунун жолдорун талкуулай турганын маалымдады:

-Мен азыр эле премьер-министр Синиора менен телефондон сүйлөшүп, ага жана Ливан элине өз атымдан ага көңүл айттым. Ливан эли жана өкмөтү бүгүн баштан кечирип жаткан трагедияга байланыштуу мен Бейрутта болчу талкууну кийинге калтырууну чечтим. Канткенде да мен бүгүн буерде иштейм. Мен Израилдин жетекчилери менен жолугушууну, ошондой эле береги чатакты токтотууга зарыл иштерди бүткөрүү аракетин уланта берем.

Кондолиза Райс жаңжалдашкан тараптарды сүйлөштүрүү үчүн Израилге ишемби күнү келген эле.

Премьер-министр Ехуд Олмерттин сөзүнчө, Израил өз максатына жетмейинче, урушту токтотууга шашпайт:

-Биз өз алдыбызга койгон максатыбызга жеттик деп айткандай кырдаал болмоюнча, Израил урушту токтотууга ашыкпайт. Ал үчүн саясый жараяндын жүрүшү жана Израилге коркунуч туудурган аймактардагы коопсуздукту камсыздай алган күчтөрдү түзүү жөнүндө такталган келишимге жетүү зарыл.

Бул, Израилдин түшүндүрүшүнчө, “Хезболла” толук талкаланып, Ливандын түштүгүн Ливан армиясы контролдош керек дегенди билдирет.

Израил тарап Канада кыштагында кан төгүлгөнүнө өкүнүчтө экенин, бирок, чабуулдан мурда элге кыштакты калтырып кеткиле деп эскертилгенин айтып, кызыл кыргын үчүн жоопкерчиликти Израилди Канадан туруп аткылаган “Хезболлага” оодарды.

Израилдин чабуулун Улуттар Уюму, Араб лигасы, Ислам конференциясы уюму, Рим Папасы, Испания, Түркия, Кытай жана башка өлкөлөр айыпташты. Иордан падышасы Абдулла “ыплас кылмыш” деп баалады.

Франция президенти Жак Ширак менен Евробиримдиктин тышкы иштер комиссары Хавьер Солана чабуулду «актагыс иш” деп аташты.

XS
SM
MD
LG