Монополияга каршы мекеме бензинди Казакстандан алуу кымбат экенин түшүндүрдү

Иллюстрациялык сүрөт.

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын директору Женалы Орозбаев Кыргызстанга Казакстандан күйүүчү май сатып алуу кымбатка түшөрүн айтып, өлкө ушундан улам Орусиядан алып келерин билдирди.

Ал 19-сентябрда “Биринчи радионун” эфиринде угармандардын биринин “Казакстандан күйүүчү май алуу боюнча эмне үчүн өкмөттөрдүн ортосунда келишим түзүлбөйт?” деген суроосуна жооп берди.

“Бизде АИ-92 үлгүсүндөгү бензин 70 сом болсо Казакстанда 40 сом. Анткени Казакстанда бензин элге арзан сатылып калган айырмага бюджеттен кенемте берилет. Ал эми экспортко чыгара турган баасы башка. Биз күйүүчү май сатып улуу боюнча Казакстан менен келишим түзсөк Орусия койгон баадан кымбат болуп кетет. Бул экономикалык кызыкчылык. Казакстандан сатып алган баага караганда Орусиядан алган арзан”, - деди ал.

Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматында Кыргызстанда күйүүчү майдын жылдык керектөөсү орточо 1,6 млн тоннаны түзөт. Анын 93% Орусиядан импорттолот.

Мунай ташуучулар ассоциациясынын маалыматына ылайык, соңку эки айда эле өлкөдө күйүүчү майдын чекене баасы литрине 3,5-4 сомго чейин кымбаттады.

Буга чейин Мунай ташуучулар ассоциациясы Кыргызстанда күйүүчү май дагы кымбатташы мүмкүн экенин билдирген. Уюмдун жетекчиси Канат Эшатов Орусиядагы мунай заводдорунан Кыргызстанга май сатуу боюнча сунуштар азайып, баасы да өсүп жатканын “Азаттыкка” маалымдаган.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы туруктуу экенин, Орусия Кыргызстанга бензинди үзгүлтүксүз жеткирип турууга кепилдик бергенин айткан. (BTo)

Дагы караңыз

Көк-Жар конушундагы жер ишине байланыштуу жети адам кармалдыУКМК спорт департаментинде коррупциялык схема аныкталганын билдирдиСот экс-депутат Эмил Жамгырчиевдин ишин Башкы прокуратурага кайтарганы белгилүү болдуКамчыбек Ташиев борборду Манаска которууну эл чечиши керектигин айттыШаардык сот: Кемпир-Абад иши боюнча отурум кийинки аптага калдыКара-Суу шаарындагы "Манас" футболдук стадиону ишке берилдиКүрөш: Нурзат Нуртаева дүйнө чемпионатында коло медал алдыТрамп Путин анын көңүлүн калтырганын айттыСот Карасартованы күнөөлүү деп таап, беш жылдык пробация менен бошотту