Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Сентябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:18

Ооганстандагы зилзаладан каза болгондор 1400дөн ашты


Ооганстандагы жер титирөөдөн каза болгондор 1400дөн ашканын, жараат алгандар 3100 экенин өлкөнү башкарып жаткан "Талибан" өкмөтү билдирди.

Буга чейин алардын саны 1 124 кишиге жеткенин Кызыл Чырым коому маалымдаган. Эл аралык уюмдун маалыматына караганда, жеринде гуманитардык жардам берген топтор иш алып барып жатат.

“3 миң 251 киши жараат алды жана 8 миңден ашык турак жай кыйрады”, - деп билдирди Кызыл Чырымдын Ооганстандагы өкүлчүлүгү.

АКШнын Геологиялык кызматы (USGA) билдиргендей, жер титирөө 31-августта жергиликтүү убакыт боюнча 23:45те болгон. Анын очогу Желал-Абаддан түндүк-чыгышы көздөй 27 чакырым алыстыкта орун алган.

БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш, башка мамлекеттер жаратылыш кырсыгына байланыштуу ооган элине көнүл айтып, колдоо көрсөтүүдө.

Өткөн апталарда Нангархар провинциясында күтүүсүз нөшөрлөп жааган жаандан кийин катуу суу ташкыны болгон, анда кеминде беш киши каза таап, эгин аянттарын, мал-мүлктөрдү сел алып кеткен.

Шерине

XS
SM
MD
LG