19 жаштагы шектүү Кемин районунда кылмышты жасоо жагдайларын көрсөтүү маалында качып кеткени айтылууда. Ички иштер министрлиги бул факты боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатканын, териштирүүнүн жыйынтыгы менен маалымат берилерин кошумчалады. Президенттин көзөмөлүндөгү бул иштин айланасындагы соңку окуя коомчулукта күмөн саноого жем таштады.
Качуу маалында жок кылынды делген 19 жаштагы шектүүнүн сүрөтү социалдык түйүндөрдө тарады. Анда анын сырткы кийими канга боёлуп, колу кишенделген бойдон сулап жатканын, сүрөт күн чыга электе тартылганын көрүүгө болот.
“Бүгүн, 14-октябрда Чүй облусунун Кемин районунда кылмышты жасоо шарттарын жана жагдайын кайра кайталап көрсөтүп берүү процессин жүргүзүү учурунда, шектүү качып кеткен. Милиция кызматкерлери шектүүнү кармоо учурунда, Кыргыз Республикасынын "Укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Мыйзамынын 45-46-беренелерине ылайык, кызматтык куралды колдонушкан”, - деп билдирди Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы.
Милиция шектүү алган жаратынын айынан каза болгонун, бул факты боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатканын айтты.
Камера кандай роль ойногон?
Кечке жуук ИИМдин басма сөз кызматы шектүүнүн кылмышка чейинки баскан-турганын баяндаган видео таратты. Андагы маалыматка ылайык шектүү Ысык-Көл облусундагы кафелердин биринде официант болгону, иштен бошогондон кийин борборго баса бергени айтылат. Бишкектеги хостелдердин бирине түнөп, базарга барып, колкап жана эки бычак сатып алганы айтылат.
"Кылмыш болгон түнү күндүз Ак-Ордо-3 жаңы конушуна барганы, ал жердеги дарыканадан беткап сатып алганы камерага түшүп калган. Маркумдун үйүнө түнү ашкананын ачык калган каалгасы аркылуу кирген.
Үйдү тинтип жатканда ээси ойгонуп, экөө кармаша кетип, ага бычак шилтеген. Андан кийин эжесин өлтүргөн. Маркумдун жубайынын качканын көрүп, кылмыш болгон жерден кетүүгө ашыккан. Таңга жуук такси менен хостелге келип, ал жерде эки күн жаткан. Андан кийин кан болгон кийимдерин таштандыга ыргытып, Ысык-Көл облусуна жол тарткан", - деп айтылат видеодо.
19 жаштагы жаран 7-октябрда атасынын үйүнөн колго түшүрүлгөн. 9-октябрда окуя болгон жерден кылмышка шектүүнү алып кеткен таксист дагы көргөзмө берген.
Белгилей кетчү жагдай, кылмышка шектүүнү кармоодо коомдук жайларда орнотулган “Коопсуз өлкө” долбоорунун тутумуна кошулган адамдын жүзүн тааныган камералар чоң роль ойногон.
Резонанс жараткан окуяга байланыштуу президент Садыр Жапаров өзү да билдирүү жасаган.
“Милицияларга бардык шарттарды түзүп бердик. Техникалык каражаттары жетиштүү. Керек болсо милициялардын өздөрү кайда, кантип иштеп жүрүшкөнүн башкы штабда онлайн көзөмөлдөп турушат. Кээ бир жарандарыбыз: “ИИМ элге тез-тез маалымат берип турса болмок, минтип ызылдабайт элек” деп чыгышты. ИИМ мындай учурда тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн тез-тез маалымат бербейт. Качан гана толук изилдеп бүткөндөн кийин бериши мүмкүн”, - деген Жапаров.
Ички иштер министрлигинин маалыматында, жыл башына карата өлкөдөгү чоң шаарлардагы коомдук жайларда “Коопсуз өлкө” долбоорунун алкагында 25 миң видеокамера орнотулган, ал эми “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында өлкөдө 12 миң камера иштеп жатат.
Тергөөнүн табышмактуу жагдайлары
Мурдагы ички иштер министри Өмүрбек Суваналиев эки адамдын өлүмүнө шек саналган адамды узак жолго чыгарып, түнкүсүн ташуу одоно эреже бузуу экенин айтты.
"Тергөө эксперименти бүткөндөн кийин шектүү адамды кечкисин Тергөө абагына калтырып, күндүз конвой менен алып барышы керек болчу. Экинчиден, жанагындай оор кылмыш кылгандарды дааратканага күндүз эле жиберишет. Түндө алып чыкканга болбойт, анткени спецконвой деп коет. Керек болсо Тергөө абагында жаткандар менен түрмөдө оор кылмыш кылгандарды сегизден кийин суракка албайт, адвокаттарына жолуктурбайт".
Милициянын отставкадагы полковниги Александр Зеличенко шектүүнү түндөп тергөөгө алып чыккан кызматкерлер текшерилиши керек деп эсептейт:
"Баары анык болуп турган күндө да аны ким алып чыкканын караш керек. Балким ал баланы сыртка алып чыккандар арасында тааныш-билиштери болгон. Алар менен сүйлөшүп алып, кийин менин күнөөлүү экенимди далилдеш оор болот, акча үчүн жардам берем деши мүмкүн. Баары мүмкүн. Муну эми өтө терең казып, тергеш керек".
Айрым маалымат каражаттары булактарга таянып, шектүү түнкү саат 3төр чамасында Боом капчыгайында дааратканага барам деген шылтоо менен качканда жок кылынганын жазып чыгышты.
Бирок Александр Зеличенко айрым учурларда шектүүлөр түрмөдөн чыгуу амалын издеп, айрым учурларда ойдон чыгарылган окуяны айтып, аны жеринен көрсөтүп берем деген шылтоо менен сыртка чыгып, качканга аракет кылышат дейт.
"Көбүнесе ушундай жол менен качат. Атайын ыкчам тергөө тобун кылмыш болгон жерге алып чыгып, сыртта жүргөн шериктерине бул жерге машина менен келгиле, ошол жакка качып барам деп айттырып коюшат. Качса качтым, кача албасам өлдүм дешет. Бир кылмышкер болсо, жанында үч-төрт милиция кызматкери кайтарып жүрүшү керек. Тергөөчү, ишти алып барган ыкчам кызматкер жана бардык ишти каттаган эксперт-криминалист милдеттүү түрдө болушу керек. Эгер шектүү өтө кооптуу болсо, атайын үйрөтүлгөн итти дагы жетелеп алышат".
Буга чейин Ички иштер министрлиги Ак-Ордо-3 конушундагы кылмыш ишинин айрым жагдайларын ачыктап, 34 жаштагы эркек кишиге 18, анын 38 жаштагы эжесине 11 жолу бычак сайылганы аныкталганын билдирген. Милиция 8-октябрда жарыялаган видеодо шектүү аталган конушка маршруттук каттам менен барганын, бычакты Орто-Сай базарынан сатып алганын, ал үйгө акча үчүн киргенин айтып, эки кишини бычактап өлтүргөнүн моюнуна алган.
Бул окуя боюнча президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков шектүүнүн атасы Майрамбек Садыков “Дөө Чыңгыз” деген каймана ат менен таанымал Чыңгыз Жумагуловдун уюшкан кылмыш тобунун мүчөсү катары каттоодо турганын, кримтөбөл каза болгондо акыркы сапарга узатуу зыйнатына да катышканын жазган.
Укук коргоочу Нурбек Токтакунов шектүү жок кылынгандан кийин күмөндүү суроолорго жооп табылбай калышы мүмкүн дейт. Ал 19 жаштагы баланын жок кылынышы боюнча өзүнчө кылмыш иши козголушу керек деп эсептейт.
"Биринчи эки адамды шектүү кол салганы такталса, анда анын каза болгонуна байланыштуу иш кыскарат. Эгер такталбаса, иш ачылбаган бойдон калат. Кылмышкерди өлтүрсө дагы кылмыш иши козголуп, тергелиши керек. Бардык маалыматтарды таразалап, андан кийин бир жыйынтыкка келгени оң. Аны прокуратура же башка укук коргоо органы тергеш керек. Анан ошонун жыйынтыгынан көрөбүз".
Бишкектин Биринчи май райондук соту 19 жаштагы шектүүнү 9-октябрда 3-декабрга чейин камакка алган. Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев бычакталып өлтүрүлгөн маркум бизнес менен алектенгенин, машинесинен ири суммадагы акча табылганын журналисттерге билдирген. Айрым коңшулары дагы маркум чет мамлекетке барып-келип иштеп жүргөнүн, автоунаа сатуу менен алектенгенин айтышкан.
Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын маалыматында быйыл сегиз айда 3 439 кылмыш катталган, бул 2024-жылдын ушул айына салыштырмалуу 9,9% көп. Өткөн жылдын январь жана август айларында 100 адам өлтүрүү кылмышы катталса, 2025-жылы 107ге жеткен.
Ак-Ордо-3 конушунда болгон окуянын алдында эле 27-сентябрда Ысык-Көл облусунда 17 жаштагы окуучу кыз курбусунун үйүнө барам деп чыгып кетип, дайынсыз жоголгон. Эки күндөн кийин сөөгү Боом капчыгайынан табылып, анын өлүмүнө шек саналып 41 жаштагы киши кармалган.
Шерине